"Ош облусу боюнча коронавирус менен ооругандардын саны азайып калды" деп бүгүн, 2-майда онлайн маалымат жыйынында өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.
"Бүгүнкү күнгө чейин болгон эмгекти, медицина кызматкерлеринин мээнетин сыйлап, карантиндик шарттарга баш ийип, дагы 10 күн чыдайлы. Буюрса, жакшы жетишкендиктерге жетебиз.
Облус боюнча ооругандардын саны азайып калды. Кээ бир жерде ооругандар кайра бир, экиден пайда болуп калууда. Ноокатта бүгүнкү күндө 5 эле жаран ооруканада жатат. Талаптарды аткаруу менен, буюрса, бул ооруну жеңебиз", - дейт Жылкыбаев.