Социалдык фонддун төрагасы Медербек Ирсалиев өлкө боюнча 60-70 миңден ашуун пенсионерлер бар экенин айтты. Аларга пенсия берүүгө ай сайын 4 миллиард сомдун тегерегиндеги акча сарпталарын маалымат жыйында белгиледи. Андан сырткары Медербек Ирсалиев камсыздандыруунун төлөмдөрү кыскартылбаганын айтты.
“Өзгөчө абал тартибинде камсыздандыруу төлөмдөрүнүн коюлган тарифтерин төмөндөтүү каралган эмес. Төмөндөтүү тууралуу маселе 2018-жылдын декабрында көтөрүлгөн. 2019-жылы бул маселени карап жана иликтеген жумушчу топ түзүлгөн. Белгилеп кетүү керек, айрым категорияга камсыздандыруу төгүмдөрүнүн төмөндөшү Социалдык фонддун бюджетинде жоготууга алып келет. Бул жоготуулардын ордун жабуу булактары болгондо гана аталган маселе каралышы мүмкүн”, - деп билдирди ал.
Жыйында фонддун төрагасы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен Социалдык фондго чыгашаларга жумшоо үчүн (ассигнование) 21 миллиард сом бөлүнгөнүн кошумчалады.