Москвадагы Жеңиш парадына кайсы өлкөнүн лидерлери катышкан жок? Себептери айтылды

Бүгүн, 24-июнда Москвада Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парад болуп өттү. Парадга Орусиянын президенти Владимир Путинден тышкары, Беларустун президенти Александр Лукашенко уулдары менен, Казакстандын, Тажикстандын, Молдованын жана башка өлкөлөрдүн президенттери катышты. Ал эми салтанатка чакырылган айрым өлкөнүн лидерлери ар кандай себептерден улам парадга күбө боло алган жок.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, 5 мамлекеттин өкүлү парадга катышкан жок. Алар:

Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков. Аны Москвага коштоп баргандардын экөөнөн коронавирус аныкталып, өлкө башчы иш-чарага катышпоо чечимин кабыл алган.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. Ал өлкөдөгү карантиндин мөөнөтү узартылганына байланыштуу келген эмес.

Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян, ал өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу парадга келген жок.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Москвадан келгенден кийин туулган күнүн обочолонууда өткөргүсү келбей, парадга келүүдөн баш тарткан.

Ал эми Хорватиянын президенти Зоран Миланович учактын бузулуп калганына байланыштуу келген жок.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Krai
2020-06-24 20:34:27
Хорватиянын президенти биздин президенттен да хуже болуптур го самалет бузулуп...
+8
taalay25
2020-06-25 08:04:31
Krai,атайы барган жок
+2
aza84
2020-06-24 20:41:51
Ар бир президентердин пейилине жараша болуптур
+11
Aimani
2020-06-24 21:00:42
Биздики барып алып катышпай калды.
+12
KalenAlmaz
2020-06-24 21:48:52
Тест тапшырып убара болбой эле койгула вируска уят го.
+6
algakaray
2020-06-24 22:09:11
Туркмон президентинин туулган куну айабай катуу отмок окшойт го
+7
ZUXRIDDIN20
2020-06-24 22:17:02
Хорватиянын президенти башка самалёт менен келсе болбос бекен. Самалёт шылтоо боло албайт
+5
Patirot
2020-06-24 22:20:50
Соке барып алып Арман кылып аткандыр ошончо барып катышпай
+13
Adi010891
2020-06-24 22:41:38
Patirot,пейилине. Жараша да
+12
aslan_akjol89
2020-06-24 22:54:12
Президентибиз башкаларга да жугузуп албайын,жанымдагылардан вирус аныкталып жатса деп туура кылыптыр.Пейили жакшы адамдын кылганы иши ушундай болот,башкаларды ойлогону.
-8
KalenAlmaz
2020-06-24 23:22:03
aslan_akjol89,Ал жерде Соке не решает.
+13
Aimani
2020-06-24 23:58:14
aslan_akjol89,ал катышканы барган маска кийип теледен көрдүк го. Тигилер катыштырбай койду да. Анан өзү уялгандан ушундай чечим кабыл алдым деп койду
+13
taalay25
2020-06-25 08:12:53
aslan_akjol89,Президентский дворецке кирип кетип атканын баарын туз эфиринден кордунор. Андан ары Путин тосуп алган жок. Себеби башка жакта
+2
Aliar1
2020-06-25 01:03:35
Каерде болбойлу кыргыз шомтуроп эле журо береткенбизда оз алдынча мамлекет болгондон кийин текшерип тазаларынан алып барса болбойт беле.Кантип элементарный нерсени ойлонбодунар ошол нерсеге башынар жетпеген мамлекетти кантип башкарып жатасынар
+15
Arstan18.18
2020-06-25 11:37:46
Ошону КРдан текшерип анан барса болбойт беле? Позор чындап
0
SalihaQueen
2020-06-25 11:45:57
Текшерилип анан учалы дешсе керек, бироосу чыкты да, таза элебиз го, баргандан кийин смело отобуз деп, кыргызчылык кылып коюшуптур да,
+1
kulundu.89
2020-06-25 13:13:35
Саламатсыздарбы кандайсыздар. С Жээнбековтун жан сакчысы эрте менен башын жууп чыккан болсо керек
0
Jasi.jasi
2020-06-25 13:40:25
Башкалар го барбай катышпай калыптыр,а биздики уят болуп барып катышпай калды го:))
+1
Timurlan2017
2020-06-25 14:04:41
Соке брат туура эле кылган маралдык жактан караганда. Ажобуз аз суйлоп, коп иш кылганга аракет кылган адам, ийгилик. Таджик, озбек, туркмен туугандарга караганда жакшы жашайбыз. Алар президенти жонундо бир жаман суйлосун, ошол куну жок болот. Туугандар озунарга келгенди айта бербестен, обиективдуу болгула.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан