Бүгүн, 23-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 31 миллион 467 миң 508 болду. Анын ичинен 21 миллион 583 миң 915 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 967 миң 881 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 890 миң 662 адамдан коронавирус аныкталды. 200 миң 710 адам каза болсо, 2 миллион 646 миң 959 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 562 миң 663 адамдан аныкталды. 88 миң 935 адам каза болсо, 4 миллион 497 миң 867 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 558 миң 40 адам вируска кабылган. 137 миң 272 бейтап көз жумса, 3 миллион 993 миң 432 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.