Орусиянын борбору Москва шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган парадды өткөрүү чечими кабыл алына элек. Бирок кандай болгон күндө да парад ардагерлерсиз өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирген.
"Негизинен улуу муундун коопсуздугу жөнүндө сөз болуп жаткандыктан, албетте, 9-майга карата кандай гана майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөсүн, аларга катыша турган ардагерлердин ден соолугун эске алсак, анда ал кечелердин уюштурулушу орунсуз", - деп билдирген Песков.
Буга чейин Казакстанда коронавирус пандемиясынан улам 9-майда өтө турган аскердик парад токтотулган.