Кубатбек Боронов: "Вируска ишенбей жатып, абалды курчуттук"

Өкмөт башчы Кубатбек Боронов бүгүнкү онлайн маалымат жыйында "жалпы эл вируска ишенбей жатып, ушундай абалга кептелип калдык" деп буларга токтолду.

"Биз буга чейин өзгөчө абал, карантин деген нерселерди баштан өткөрдүк. Бирок көпчүлүк бул ооруга ишенбей турду. Ар кандай бизнес деген сөздөр айтылды. Азыр эми абал оорлоп жатат. Бирок биз илдет менен күрөшүүдөбүз", - деди Боронов.

"30 жылдап ала албаган шаймандарды эми мына азыр ала коюу оор болуп жатат. Ошого карабастан, аппараттарды сатып алуу маселелери боюнча тынымсыз иштеп жатабыз. Бир апта мурун 500 кычкылтек концентраторун алып келгенибизде адамдар арасында ушунча ызы-чуу болбойт эле. Биз бир аз кечиктик. Мына эми ал аппараттар келип, адамдар дарыланып жатышат.

Азыр бизде негизги нерсе кадр маселеси болуп жатат. Бишкек шаарындагы оор абалга байланыштуу өлкөбүздүн башка облус, райондорунан дарыгерлер келип жатат. Биз аймактардагы абалды эске алуу менен алып келип жатабыз", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nunu77
2020-07-08 00:37:24
Мадумаровго оору жок деп элдин башын айланткан.
0
bessmertiy
2020-07-08 20:21:46
nunu77,мадымар дөөрұй берет да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан