Сабиржан Абдикаримов саламаттыкты сактоо министри болуп 1-апрелде дайындалган. Ал күн сайын Өкмөт үйүндө онлайн маалымат жыйынында коронавирус боюнча соңку маалыматты берет. Бир апта аралыгында эле жаңы министр бир канча жолу адашып, туура эмес маалымат берип жатканы коомдо сын-пикир жаратууда.
Ошол эле учурда республикалык штаб да, министр да дайыма жарандарды фейк, жалган маалыматтарды таратпоого чакырып келишет.
Адегенде жаңы келген министр маалымат жыйын учурунда 33-апрель деп айтып алган. Министрдин бул сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууланган. Айрымдар аны мыскылдашса, кээ бирлери жаңылбаган адам болбой турганын айтышкан. Бирок министр адашканын бул менен эле токтоткон жок. Ал ар бир маалымат жыйынында сандарды айтууда адашып жатты.
Кечээ күнү коронавирустан айыккандардын саны 33 деген маалымат берген. Бүгүн болсо бул маалыматты тактоо иретинде журналисттер "кечээ 33 адам дарыланып жатты дегенсиз, жалпы саны канча?" деп суроо беришти. Ал бүгүнкү күнү 25 адам айыкканын айтып, 10 бейтаптын чыгуусу күтүлүп жатканын билдирди. Деги эле айыккандардын санын министр соңку 2-3 күн бою адашып айтуу менен журналисттерди 10, 19, 23, 33 деп бир канча жолу кошо адаштырды.
Бир жагдайды эскерте кетүү керек: маалымат жыйындар онлайн форматта өтүп жатканы үчүн журналисттердин азыркы учурда маалыматты ошол жерден тактай калуу мүмкүнчүлүгү жок.
Бүгүн болсо министр элдин жүрөгүн түшүрүп коронавирустан 24 киши каза болгонун билдирди. Андан соң өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгулов 4 адам каза болгонун тактап, абалды жайгарып кетти.
Сабиржан Абдикаримов жыйындын башында жалпы 270 адам коронавирус жуктуруп алды деп маалымат айтып, бир аздан кийин 170 киши деп билдирди.
Мындан тышкары бүгүнкү эле маалымат жыйында Абдикаримов Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылганын билдирди. Бирок аталган оорукана эмес, Ош шаарындагы балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы убактылуу жабылганы кийин такталды. Бул тууралуу билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматынан "министр адашып алыптыр" деп таратышты.
Мындай жаңылуулардан улам коомчулукта "Министр дагы канчага чейин адашат болду экен? Министрликте анын ордуна чыгып маалымат берчү башка өкүл жокпу?" деген суроолор жаралууда.