Ошто коронавирус жуктуруп алганын жашырган жаран вирусту 7-8 адамга жуктурган

Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат райондору боюнча комендант Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын берүүдө.

Жыйында Ошто коронавирус жуктуруп алып, аны жашырган жаран тууралуу суроо узатылды.

"Бул адам бүгүнкү күндө изоляцияга алынган, анын жубайы дагы ооруканага жаткырылды. Жаран 7-8 адамга вирусту жуктуруп койгон. Алар дагы ооруканада. Өз кезегинде ал 7-8 адам дагы башкаларга жуктуруп, алар дагы обсервацияларга жайгаштырылды. Бул жакта жарандын этияттыгы, жоопкерчилиги керек. Толук кандуу анализдер чыккыча чыдап туруш керек. Эми оорусун жашырган жаран жоопкерчиликке тартылат", - дейт комендант.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Zamirbekkg
2020-04-08 13:36:03
Атып ташташ керек мындай адамды
+4
Chungyz
2020-04-08 13:55:03
бул жаран каяктан билиптир озундо вирус бар экенин же чонтогундо экспресс тест барбы экен
+1
Dembele84
2020-04-08 14:35:34
Chungyz,Температура чыгып,тамак ооруганын билбегидей мал беле?сразу кайрылыш керек деп атса пофиг jурбой
+2
bema_bema
2020-04-08 14:05:28
Билген эместир ооруганын тест болмойунча кайдан билсин .
0
Arstan18.18
2020-04-08 20:39:36
Оорууганын жашырып жургон! Значит оорууган! Белгилерин айтып жатат,! ОЗУ байкадыда тоготпогонда баягыле кыргызбай!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан