Алматы шаарындагы "Рахат" кондитердик цехинде иштеген 467 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу Казакстандын басылмалары өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшиндин билдирүүсүнө таянуу менен жазып чыгышты.
Анда илдеттин белгилери бейтаптарга билинген эместиги белгиленген.
"30-майдан 4-июнга чейин цехтеги 10 кызматкерден коронавирус аныкталган. Башында фабриканын бир эле кызматкери ооруган, эртеси 8 адам жумушка дене табы көтөрүлүп келген. Алар жумушка кирчү жерден эле тепловизор менен текшерилип дароо "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Аларга текшерүү жүргүзгөндө коронавирус аныкталды. Жалпысынан цехтин 1500 кызматкери текшерүүдөн өтүп, алардын ичинен 467 адамдан инфекция табылды. Учурда алар үй карантинде дарыгерлердин көзөмөлүндө жатат", - деген өлкөнүн башкы санитардык дарыгери.
"Рахат" фабрикасы 23-июнга чейин карантинге алынган.