Буга чейин социалдык тармактарда сүрөт жарыялоо боюнча ар кандай эстафеталар уюштурулуп келген. Эстафеталар Жогорку Кеңештин депутаттарына дагы жетти. "Ат адамдын канаты" аттуу эстафета уюштурулуп, ага Жогорку Кеңештин бир канча депутаттары катышып жатышат.
Депутат Тазабек Икрамовго эстафетаны социалдык тармактын колдонуучусу Кубаныч Аманбеков жөнөткөн. Икрамов болсо депутат Төрөбай Зулпукаровго жөнөттү.
Ал эми Зулпукаров дагы өзүнүн ат минип түшкөнүн жарыялап, эстафетаны Канат Исаевге узатты.
Исаев эстафетаны кабыл алып, вице-спикер Мирлан Бакировго жөнөттү.
Азырынча Мирлан Бакиров сүрөтүн жарыялай элек.