Нарында төрөт бөлүмдө иштеген медициналык кызматкерлерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Нарын облустук ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн 6 кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул санитардык эрежелердин сакталбаганынан улам болду. Төрөт бөлүмү бүгүнкү күндө штаттык режимде иштеп жатат. Вирус аныкталганга чейин иштеген кызматкерлердин баары обсервацияга жөнөтүлүп, алардын ордуна башка кызматкерлер келишти", - деди Үсөнбаев.