Ислам Өнүктүрүү банкына караштуу «Fael Khair Program» фонду аркылуу гранттык каражаттарга 30 миң 400 даана ПЦР тест-системдер реагенттери менен сатып алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.
"Кыргыз өлкөсүнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин сурамы боюнча өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин көмөгү менен аталган банк тарабынан 350 миӊ доллар гранттык каражат бөлүнгөн. 2020-жылдын 8-апрелинде Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы жана Түркиядагы элчиликтеринин жардамы менен өлкөгө ПЦР тест-системдер реагенттери менен кошо алынып келди", - деп айтылат маалыматта.