18-июнга карата өлкөдөгү коронавирус тууралуу кабарлардын ток этери менен таанышкыңыз келсе...

Суткада өлкө аймагындагы ооруканаларда коронавирус оорусунан дарыланып жаткан 32 бейтап айыгып чыкты. Республика боюнча жалпы 1 933 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Өлкөдө 18-июнга карата дагы 95 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Муну менен өлкөгө коронавирус илдети келгенден бери аны жуктуруп алгандардын саны 2 миң 657ге жетти.

Өткөн сутка ичинде 1 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Өлкөдө инфекция өмүрүн алгандар 31ге жетти.

Соңку сутка ичинде дагы 14 медициналык кызматкерден инфекция аныкталды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу медициналык 509 кызматкерге коюлду, алардын ичинен 373 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Парламенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибрагим Нуракун уулу коронавирус жуктуруп алганын жарыялады.

Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан