11-июнга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясы менен ооругандардын саны 7 миллион 357 миң 11ге жетти. Алардын арасынан 3 миллион 451 миң 664 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылса, 416 миң 84 адам көз жумду.
Коронавирус эң көп жайылган АКШда 1 миллион 999 миң 900 адам аталган илдет менен катталды. Арасынан 533 миң 504 адам сакайып, 112 миң 908 бейтап каза болду.
Экинчи орунду ээлеген Бразилияда вирус менен ооругандардын жалпы саны 772 миң 416га жеткен. Андан 413 миң 916 адам ооруканадан айыгып чыкса, тилекке каршы 39 миң 680 адам каза болду.
Орусияда 493 миң 23 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды. Арасынан айыгып чыккандар - 252 миң 295, көз жумгандар - 6 миң 350.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.