Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Жолдонгон катта Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов жана Кыргыз өлкөсүнүн жугуштуу оорулар боюнча башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевдин ысымдары аталып, "бизге жалаа жабышпасын, эч кандай ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп катка кол койгон 20 дарыгер.
Мындан улам SUPER.KG порталы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиевге байланышып, дарыгердин бул боюнча маалыматы жок экенин билди. Аалиев жыйынга катышпаганын жана кесиптештери аны башка бирөө менен алмаштырып жатканын айтты.
"Бул боюнча мага эч ким кайрылган эмес. Ал кандай кат экендиги тууралуу дагы маалыматым жок. Анын мага тиешеси жок да. Бардык булактарды карап жатам, бирок бул жөнүндө кабардар эмес экем. Мен онлайн жыйынга дагы катышкан эмесмин, балким кесиптештерим адашып калышты", - деп билдирди башкы дарыгер.