Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 7 миң 843 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 194 адам каза болсо, 10 миң 36 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 65;
Москва облусунда - 680;
Нижегород облусунда - 238;
Ханты-Мансийск автономиялуу облусунда - 237 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 553 миң 301 адамдан коронавирус аныкталды. 7 миң 478 адам каза болсо, 304 миң 342 бейтап айыгып чыкты.