Ала-Бука аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Бактыгүл Алибаева кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин юридикалык бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев SUPER.KG порталына билдирди.
"Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан атайын алгоритм бар. Анда инфекциялык зонада иштөө тууралуу эрежелер бар. Аны Ала-Бука райондук ооруканасынын башкы дарыгери шалаакылык мамиле кылып аткарган эмес. Дарыгерлердин коопсуздугу биз үчүн абдан маанилүү. Медицина кызматкерлеринин баары ооруп калса, эч ким иштей албай калат. Ошондуктан жетекчи ар бир дарыгерлердин коопсуздугун ойлоп, вирустун очогуна киргенде коргонуучу кийимдерди кантип кийүү керек, өзүн кандай алып жүрүү керек, баарын көрсөтүп, үйрөтүүсү керек болчу. Коронавирус жуктургандан кийин анын кесепеттери көп да. 26-мартта атайын буйрук чыгып, медициналык кызматкерлерди көзөмөлдөгүлө деп эскертүү берилген. Ага карабай аталган дарыгер буйрукту аткарбай тартипти одоно бузгандыгы үчүн кызматынан алынды. Азыр анын ордуна убактылуу орун басары иштеп жатат", - деп билдирди юрист.
Ошондой эле эл арасында айтылып жаткан "Дарыгерлер коронавирус жуктургандарга төлөнгөн компенсация тууралуу угуп, атайын вирусту жуктуруп жатышыптыр" деген маалыматты төгүндөп өттү. "Кайсы акыл-эси соо адам ушундай жолго барсын? Эпидемиянын очогунда иштеп жаткандар өмүрүн чоң тобокелчиликке салып иштеп жатышат", - деди Жумакеев.
Эске салсак, 4-апрель күнү Ала-Бука районунда 14 медициналык кызматкер обсервацияга алынганы жазылган. Кийинчерээк алардын 7өө коронавирус жуктурганы маалым болгон жана республикалык штаб окуя боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине териштирүү милдетин жүктөгөн.