Бүгүн, 15-июнга карата өлкөдө 22 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен айтышты.
Ага ылайык, оору жаңы аныкталган ак халатчандардын ичинен 12си Бишкек шаарында.
• Чүй облусунда – 3
• Ош шаары – 5
• Ош облусунда – 2.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 13 медкызматкер айыгып чыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу медициналык 460 кызматкерге коюлду. Алардын ичинен 354 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.