Түштүк Африканын Эмпангени шаарында коронавирустун жайылуусуна жол бербөө үчүн киргизилген карантинди бузду деген жүйө менен жаңы үйлөнгөн жубайларды, тойго күбө болгон 53 конокту жана чиркөө кызматкерин кармап, камакка алышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
5-апрель күнү полиция кызматкерлери күтүүсүздөн эки жаштын тоюна кирип барып, эки жаш менен кошо 53 конокту жана чиркөө кызматкерин кармашкан. Бактыга жараша сүйүшкөндөр полиция барганча бири-бирине түбөлүккө бирге болуу антын айтып үлгүрүшкөн.