"207 миллиону сарпталды". Кыргыз өлкөсүнө сырткы булактардан жалпы 338 миллион доллар келген

Кыргыз өлкөсүнө сырткы булактардан жалпы 338 миллион доллар келди. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев онлайн брифинг учурунда айтты.

"Бүгүнкү күнгө карата Кыргыз өлкөсүнө эл аралык финансылык уюмдардан 338 миллион доллар келип түштү. Ошонун ичинен 207 миллион доллары сарпталды. Калган 131 миллион доллары Улуттук банктын эсебинде турат.

Аталган 207 миллион доллар эң керектүү чыгашаларга жумшалды. Алар: биринчиден, пандемия менен күрөшкө байланыштуу чыгашаларга, азык-түлүк коопсуздук чыгашаларына (буудай, ун сатып алуу), убактылуу жумушсуз калып муктаж болгон жарандарга азык-түлүк таратууда коротулган. Мындан тышкары акыркы 6-7 айдын ичинде бюджеттин бир топ чоң жоготуулары болгонуна карабастан, өз убагында пенсиялар, жөлөк пулдар жана бюджет чөйрөсүндө иштеп аткан жумушчуларга айлык маяналары өз убагында, толук кандуу төлөнүп берилип жатты. Бул каражаттар ошол чыгашаларга дагы жумшалып жатты", - деди Асрандиев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kushu_bek
2020-09-09 15:57:49
Ууру тойорчо жеп олорчо карганат болдуда биягы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан