Дональд Трамп: "АКШда вирустун жайылышы эң бийик деңгээлине жетти"

АКШнын президенти Дональд Трамп азыркы тапта вирустун жайылышы мамлекетте эң бийик чокуга жеткенин жана мындан кийин абал оң жакка өзгөрөрүн айтты. Бул тууралуу ал күндө өтүүчү маалымат жыйынында билдирди.

"Вирустун жайылуу графигинин статистикасы азыр эң бийик деңгээлине жетти. Айрым штаттарда абал жакшыра баштады", - деп билдирген ал.

Президенттин сөзүн вице-президент Майк Пенс да колдоп, Нью-Йорк, Денвер, Луизианада абал жакшыра баштаганын кошумчалаган.

АКШда жалпы 468 миң 703 адам вирус жуктуруп алган. 25 миң 900 адам оорудан айыгып чыкса, 16 миң 679 адам көз жумган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Samatalibei
2020-04-10 10:56:28
16679адам өлдү дейби? Өкүнүчтүү.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан