"Анын абалы оор, өтө оор". Хабиб Нурмагомедов атасынан коронавирус аныкталганын айтты

Орусиялык белгилүү UFC мушкери Хабиб Нурмагомедовдун машыктыруучусу жана атасы Абдулманап Нурмагомедовдон коронавирус инфекциясы аныкталып, өтө оор абалда жатат. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу видео кайрылуусунда айтты.

"Интернетте атам жөнүндө көп жазып жатышат. Атам азыр ооруканада. Абалы өтө оор. Бул вирус анын жүрөгүнө тийди. Бир жыл мурун атам жүрөгүнө операция жасаткан. Эми дагы жасалды. Ал өтө оор абалда. Аллахтан аны бизге кайтарып беришин сурайбыз. Аллахтан анын ден соолугун сураган, колдогон, жазган адамдардын бардыгына чоң рахмат! Аллах баарыбызга жардам берсин, баарыбызды коргосун!", - деген Нурмагомедов.

Ал эми мушкердин жакын досу Ислам Махачевдин билдирүүсүндө Абдулманап Нурмагомедов кайрадан комага түшүп калган.

Абдулманап Нурмагомедов 26-апрелде пневмонияга шектелип, ооруканага түшкөн жана анын абалы туруктуу деп бааланган. 14-майда анын абалы оорлошуп комага түшүп калган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tynar92kg
2020-05-19 09:06:50
Ден соолук тилейбиз!!!
+6
Nadia68
2020-05-19 10:38:07
Ислам Махачев инисиго
0
amirrus
2020-05-19 12:01:06
Айыгып кетсин ,Ден соолук каалайм
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан