Москвалык жаран кыргыз элинин пандемия менен күрөшүүдөгү ынтымагына суктанды

Бүгүнкү күндө өлкөбүз пандемиядан жабыр тартып жаткан учуру. Кыйын кезеңде элибиз бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, бири-бирине колунан келген жардамды аябай жаткан кези. Мындай көрүнүш башка улуттагы жарандын суктануусуна арзыганы социалдык тармактарда жазылды. Анда москвалык Вадим Захаряев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына төмөндөгүдөй пикирин калтырган.

"Кыргыз өлкөсүндөгү пандемия боюнча бир канча сөз. Албетте, мени бул оор кырдаалда Кыргыз өлкөсү кандай күрөшүп жаткандыгы таң калтырды. Баары биригип, ар бири колунан келген жардамды көрсөтүүдө. Кимдир бирөөсү стационар үчүн имаратын берсе, кайсы бири азык-түлүк жана даяр тамак-аштарды, башкалары медикаменттерди жана коргонуучу кийимдерди сатып беришүүдө. Үчүнчүсү акча чогултуп, керектүү жабдыктарды арзан баада сатып алууга жана алып келүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Ал эми кээ бирлери кычкылтек жаздыктарын, концентраторун жана дары-дармектерди акысыз эле берүүдө. Оор кырдаалда дүйнөнүн кайсы гана жеринде болбосун адамдар 100дөн да, 100 миң сомдон да акча чогултушууда.

Кыргыз элинин келечеги чоң. Учурда көмөк көрсөтүп жаткан адамдар бийликке барса, анда мамлекеттин келечеги болот. Болбосо эч нерсе өзгөрбөйт", - деген ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Jaran94
2020-07-08 15:34:56
Эх Вадим бийлик конул бурбаса айла жокта.
+18
-BOSS-
2020-07-08 15:46:13
29 жылдан бери эле бийлик элди эмес, эл бийликти багып жатат.
+32
aza84
2020-07-08 17:05:14
Сокенин уже атын укканда кусатургандай болуп калдым
+8
bessmertiy
2020-07-08 17:17:47
"Учурда жардам берип жаткандар бийлике" барса деп сөз ким жөнүндө болуп жатат экен?
+9
rola
2020-07-09 10:13:16
Шайлоого даярданып жаткандар элди бироо ойлобой оздорун ойлоп жан талашып журушот.Азыркы кырдаалда элге жардам берип аткандар биригип бир партия тузгуло,колдойбуз.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан