Бир ай мурда коронавирус жок Түркияда бүгүн илдет чартаңбай тээп жүрөт. Коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкө (10-апрелге карата)

Бүгүн, 10-апрель саат 20:30га карата коронавирус менен ооруган алдыңкы 10 өлкөнүн тизмеси төмөндөгүчө:

1. АКШ - 466 миң 396 (27-мартта 86 миң 12, 17-мартта 4 миң 661, 9-мартта 564)
2. Испания - 157 миң 22 (27-мартта 64 миң 59, 17-мартта 9 миң 942, 9-мартта 911)
3. Италия - 143 миң 626 (27-мартта 80 миң 589, 17-мартта 27 миң 980, 9-мартта 7 миң 375)
4. Франция - 118 миң 790 (27-мартта 29 миң 581, 17-мартта 6 миң 655, 9-мартта 1 миң 209)
5. Германия - 118 миң 235 (27-мартта 47 миң 373, 17-мартта 7 миң 588, 9-мартта 1 миң 151)
6. Кытай - 82 миң 940 (27-мартта 81 миң 897, 17-мартта 81 миң 58, 9-мартта 80 миң 735)
7. Иран - 68 миң 192 (27-мартта 32 миң 332, 17-мартта 14 миң 991, 9-мартта 7 миң 161)
8. Түркия - 42 миң 282 (27-мартта 5 миң 698, 17-мартта 47, 9-мартта коронавирус жуктуруу каттала элек болчу)
9. Бельгия - 26 миң 667 (27-мартта 7 миң 284, 17-мартта 1 миң 243, 9-мартта 239)
10. Швейцария - 24 миң 172 (27-мартта 12 миң 311, 17-мартта 2 миң 330, 9-мартта 332).



Дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктурганы аныкталгандардын жалпы саны - 1 миллион 619 миң 495 . 9-мартта бул көрсөткүч 111 миң 228, 17-мартта 183 миң 356, 27-мартта 551 миң 337 адам эле.

Буга чейинки менен азыркы рейтингдин айырмасы бул эки аптадан кийин Улуу Британия менен Түштүк Кореянын ордуна Түркия менен Бельгиянын кошулганы болду. Кытай 2-орундан 6-орунга түшүп, Испания 4-орундан 2-орунга көтөрүлдү.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Коронавирустан каза болгондор катталган алдыңкы 10 өлкө тууралуу маалымат окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
murat17
2020-04-10 21:12:19
Францияны ар кандай коргозуп жатат ар башка сайтта
+1
ZUXRIDDIN20
2020-04-10 21:28:06
АКШ Россия жана коңшу Өзбекстанда коронавирустан айыккан адамдын кан плазмасыдан оор абалдагы бейтапты дарылоону башташыптыр. Кыргызстан деле тезирээк аракет кылса жакшы болмок
+3
KalenAlmaz
2020-04-10 21:57:39
Туркияда каронавирус чартанбай тееп журот имиш.
+8
assanov97
2020-04-11 02:34:30
KalenAlmaz,айла жок денгелибиз шу
+1
senchi
2020-04-11 12:26:54
KalenAlmaz,чартанбай тееп бара жаткан жерден гаилерге кармалыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан