Коронавирус жуктурганы аныкталган Нарын шаарынын тургуну даваатка барып келген. Жабырлануучу тууралуу кеңири маалымат айтылды

Бүгүн, 29-мартта коронавирус менен дагы 26 адам жабыркап жатканы аныкталды. Алардын бири Нарын облусунун тургуну экенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары маалымдады.
Ал эми Нарын шаардык мэриясынын бейтап даваатка барып келгенин кабарлашты.

"Вирусту жуктурган жаран Нарын шаарынын Городок аймагынын тургуну. 1959-жылы туулган. 2019-жылдын 15-ноябрында Пакистанга дааватка кеткен. 2020-жылдын 15-мартында Лахол-Ташкент, Ташкент-Бишкек рейси менен саат 10:00дө “Манас” аэропортуна келген. Ташкентте Бишкекке учуучу каттамды 5-6 саат күтүшкөн. “Манас” аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө "Тез жардамга" кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Бирок бул адам Бишкек шаарында уулунун үйүндө төрт күн болгон. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга саат 15:00-16:00 чамасында 7 киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18:30 чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта анализинен вирус табылган. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануусу жок.

Аны менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлдө. Биринчи категориядагы байланышта болгон 15 адамдан анализ алынды. Үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды. Алардын анализин эртерээк чыгарып берүү жагы штабда облус жетекчилиги тарабынан көтөрүлдү. Экинчи категориядагы байланышта болгон 127 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлду. Жашаган көчөсүнө пост коюлду. Эгер биринчи категориядагы 15 адамдан вирус табылса, экинчи категориядагы адамдардан да анализ алынып, алар менен байланышта болгондор табылат", - деп айтылат маалыматта.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
kaya89
2020-03-29 19:06:41
Сузактан кайсы айылынар катталып жатат эмнеге так толук маалымат бербей жатасынар
+6
Baku88
2020-03-29 19:11:10
Намаз окугандарга вирус жукпайт деп катуу кетишти эле коруп атабыз го тим эле кудай болуп кетишет жон отуруп турушса болот уйлорундо кысыып
+9
Aikaaaa
2020-03-29 19:33:37
Baku88,ошентип бизге жукпайт деп смело жүрүштү да, Абдышүкүр айтты деп. Барбаган жери калбаптыр бул кишинин
+9
talant87
2020-03-29 19:11:47
26 Адам а бирок малымата 24 дейт кимдин созу туура 24_26
+6
admin_portal
2020-03-29 19:42:40
talant87, бүгүн вирусту 26 адамдан аныкталгандыгын саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү билдирди.
+2
alik7482
2020-03-29 19:14:14
Баарыбызга ыйман берсин

0
Mamytovv_n
2020-03-29 19:46:19
Ушул ооруп жаткандар менен байланышта болгондор озунор барып анализ тапшыргыла качан ысытма чыкканда жугуртурбой сураныч силерден
+13
Kitep
2020-03-29 20:04:24
Комментарийлерди окуп олтуруп,ыйманыбыз кандай деңгээлде экенин билип жатабыз.
Мусулманга ыйык болгон жери Меккеден тарап жатса,
Християндарга болсо ыйык болгон жери Италиядан тарап жатат.
+3
vikidiki
2020-03-29 20:24:05
Даавттан келгенде эле карантинге , обсерваторияга жаткырыш керек эле. "Балким,кудай сактасын!'деп туруп кое бердинер ! Кана? Уй карантинди сактабаптыр !
+10
Kenzhebek
2020-03-29 20:24:41
3 категориядагы жакын болгон адамдардан да анализ алыш керек. 7, 127. З-категориядагылар 1000ден ашып жатпайбы. Маалымат алышып тактоо жүргүзүшсө жакшы болмок. Ушунча адам таптип сактап эрежеге баш ийиши мүмкүнбү. Нарындык тууганыбыз даватта итаат баш ийүү дегендерди үйрөнсө болмок экен.
+7
Aikaaaa
2020-03-29 20:45:38
Kenzhebek,өзү келесоо да, сүйлөй беришет деди да, өзүнө ишенип, беш маал намаз окуп даарат алам деп
+7
Belek1710
2020-03-29 20:42:37
Жашырбай эле аты жөнүн жазып койсо кабарга, 1чи 2чи категория дебей эле адамдар өзүбүз сактанып калмакпыз да. Ооруну жашырсаю, өлүм ашкере болот.
+8
Baku88
2020-03-29 20:49:32
Ажыдан келгендерди намаз окугандарга жукпайт деп аэропорттон текшербей откоруп жиберишкен. Балеенин баары ошолордон башталды
+10
himik
2020-03-29 21:41:40
ХХХХХ. Мамлекет динге көңүл бөлүп, элдин сабаттуулугун караса.
+6
Kemel87
2020-03-29 22:46:11
Умрадан келгендер менен дааваттан келгендер вирусту алып келди деген жалган маалымат болушу деле мумкун,Жанаакы апараты не корсотпойбу аэропортон текшерип откорот Наарынга чейин дагы канча пост бар.Италияда басып бараткан адамдар жыгылып жатат.Кыкендер жыгылбай эле жеткен жерине жетип чай ичип отурса анализин вирус деп чыгарып койгону тан калыштуу.
-8
Mustafo
2020-03-30 00:26:20
Пакистанга дааватка өтө таң калыштууда Пакистандыктар биздин дааватка муктаж болбосо керек деп ойлойм да
+8
TIMON_BERKOWITZ
2020-03-30 00:42:15
Инкубационный период 14 күнгө чейин деп атышты эле. Бул кишилердики 12де жугузган болсо, 28не чейин билинбей жүрө бергенби? Же текшерген адамдардан жугузганбы? Что то не совпадает..
-3
HHFRU
2020-03-30 03:40:33
TIMON_BERKOWITZ, 22-синде анализ алынган деп жүрөт, туура эле келип жатат. Анализ чыккыча 28-март болсо керек
+2
Maks_sharshenaliev15
2020-03-30 16:42:52
Даваатчылар куратты го жакшы жаткан элибизди дурболонго салып кысыыып эле отурсанар болбойт беле эч жака барбай. Озунорго озунор олум тилеп ,
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан