Данияда саламаттыкты сактоо мекемесинин өкүлү жыйын учурунда эсин жоготуп, кулап түштү

Даниянын Дары-дармек агенттигинин фармакологиялык көзөмөл департаментинин өкүлү коронавируска каршы эмдөө боюнча маалымат жыйын өтүп жаткан учурда эс-учун жоготуп, кулап түшкөн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Даниянын Дары-дармек агенттигинин фармакологиялык көзөмөл департаментинин директору Серен Брустрем сүйлөп жаткан учурда жанында турган аял өзүн начар сезип, эс-учун жоготуп койгон. Аталган окуя видеотасмага тартылып калган.

Кийинчерээк, аталган департаменттен аялдын абалы жакшы экенин билдиришкен. Бирок анын эмне себептен кулап түшкөндүгү тууралуу маалымат беришкен эмес.

Айта кетсек, Дания бийлиги 14-апрелде коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасынан баш тарткандыгын билдирген.
Даниянын саламаттыкты сактоо мекемесинин өкүлү эсин жоготуп, кулап түштү
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан