Бишкек мэриясы: "Карантинди оор кабыл алган балдар үчүн мектептердеги психологдор күчөтүлгөн тартипте иштейт"

"Бишкек шаарындагы мектептердин социалдык-психологиялык кызматы күчөтүлгөн режимде иштей баштады", - деп билдиришти бүгүн, 10-апрелде шаардык мэриянын маалымат кызматынан.
Анда айтылгандай, 8-апрелден баштап окуучулар 4-чейректи үйдөн, аралыктан окуп башташты. Ата-энелер дагы онлайн иштеп жатышат. Бирок кээ бир балдар айрым бир өзгөрүүлөрдү улуулар сыяктуу жеңил кабыл албайт. Мындай абалда ата-энелер өз алдынча ага жардам бергени менен баланын агрессиясын басаңдатуу жолдорун билбей калышы мүмкүн. Бул учурда балдарга профессионал соцпедагогдор менен психологдор жардам берет.
"Жогоруда айтылган маселелер боюнча ар бир ата-эне балдары окуган мектепке кайрылып, психологдун кеңешин алуу зарылчылыгын айтса болот. Мектептеги психологдор күчөтүлгөн режимде иштеп башташты. Мектептердеги психологиялык жардам берүү борборлорунун, соцпедагогдордун телефон номерлери ата-энелердин группасына жөнөтүлөт. Мындан тышкары мэриянын социалдык өнүгүү башкармалыгында "Балдар үчүн ишеним телефону - 111" кызматы күнү-түнү иштейт. Балдар менен жаралган маселелер болсо чалып жардам суроого чакырабыз, көйгөйдү өз убагында чечпей коюу жакшы эмес көрүнүшкө алып барышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Мэрия ата-энелерди сабырдуу болууга, балдардын дистанциялык окуусуна көмөк көрсөтүүгө, азыр алар көнө албай жаткан кырдаалда колдоо көрсөтүүсүнө чакырды.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги карантинде балдарды стресстен сактоонун жолдорун айткан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан