Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз: "Журналисттин аман-эсен, ден соолукта болушуна биз да кызыкдарбыз"

Кечээ, 10-апрелде айрым жергиликтүү маалымат булактары Эмилбек Кимсанов аттуу жарандын видеосун жарыялашты. Видеодогу адам бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов мени коркутуп жатат деп билдирген.

"Мага мындай тапшырмаларды берет, Али Токтакуновду таап келесиңер, Прагадан тирүүбү, өлүкпү алып келесиңер деген билдирүүлөрдү жөнөткөн", - дейт ал видеодо сүйлөп жатып.

Бул боюнча Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз видеокайрылуу менен жооп берди. Анда ал бул видеону шантаж деп атап, укуктук талаада териштире тургандыгына токтолгон.

"Кечээтен бери Эмил Кимсанов аттуу адамдын видеосу тарап жатат, ал өзүнүн билдирүүсүндө Матраимов мага Али Токтакуновду алып келүүнү буюрган деп айткан. Мындан тышкары ал Матраимов мени дайыма мурдагы Бажы кызматындагы ишиме кайт деп коркутуп келет деп билдирген.

Ачыгын айтканда, биз бул пандемиянын фонунда болуп жаткан иш-чараларга байланыштуу мындай провокациялар болорун билгенбиз. Андайлар болуп келди жана болуп жатат, бул жолу өзүбүздүн позицияны коомчулукка билдирели дедик.

Биринчиден, Райымбек Матраимов бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан мыйзамсыз түрдө кеткен. Бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик кызматтан алып караганда ал жумушсуз. Ал соттун мыйзамсыз бошогондугу боюнча чечими чыкканына карабастан, кайрадан өз кызматына барган жок.

Экинчиден, Кимсановдун мени кызматка кайт деп кыйнап жатат дегени оорулуу кишинин түшүнүгү да. Эгер Кимсановдун тууралуу айта турган болсок, бул адам азыркы учурда тергөөдө отурат. Кылмыш иши ошол эле бажы кызматында иштеген дагы бир досу же кесиптеши менен адамды сабаган деп ачылган. Ошол үчүн издөөдө жүрүп, Матраимовдун каалоосу менен Кыргыз өлкөсүнө келип калышы абсурд.

Үчүнчүдөн, эгерде видео жөнүндө айта турган болсок, бул кылмыш жоопкерчилигинен качып, башка адамды шантаж кылуу, кезектеги каралоо аракети. Сиздер деле билесиздер, санариптик технологиялар үндү монтаждап, диалог жасап, адамды ошол окуяда бар болгондой кылып көрсөтүп коё алат. Ал эми бүгүнкү кырдаалда өлкөдөгү бул абалда фонддун иштерине байланыштуу Матраимовдор эмне менен алек болуп жатышат.

Төртүнчүдөн, видеодогу мүчүлүштүктөрдү оңой эле тапса болот. Матраимовдун тапшырмасы дегени карандай калп. Эгер жакшылап көңүл бурсаңыздар, видеонун каарманы өзү ушул номерге жөнөткөн СМСти көрсөтүп жатат. Биз муну Матраимовдордун дарегине жасалып жаткан кезектеги натыйжасыз каралоо иштери деп эсептейбиз. Эмил Кимсанов бул абалда бизге белгисиз бир тараптын бир куралы болуп жатат деп ойлойбуз.

Бешинчиден, журналист Али Токтакуновго чын жүрөгүмдөн саламаттыкты тилейм, буга дагы кимдердин тиешеси болсо ошолорго да тынчтык каалайм. Биз тескерисинче алардын аман-эсендигине абдан кызыкдарбыз, бул чын. Биз өз чындыгыбызды мыйзам чегинде көрсөтөбүз деп келе жатабыз жана алардан жок нерсени калп кылып көрсөткөндүгүн элдин алдында алып чыгарабыз деген максатыбызга жетебиз. Бүгүнкү күндө Матраимовдордун дарегине каралоо аракеттерин жасоо бул авторлордун башкы иши болуп калды, буга бир мисал Болот Темировдун сабалышы. Бул окуяга да Матраимовдорду күнөөлөп жазышты, бирок алардын таптакыр тиешеси жок экени белгилүү болду.

Мен кайрылуумдун аягында санариптик технология өнүккөн заманда жашап жатканда, бул сыяктуу видеолорду монтаждап жасап коюу жөнөкөй нерсе экенин кошумчалагым келет", - дейт Канатбек Азиз.

Эске салсак, Эмил Кимсановго 2018-жылы "Түндүк" бажы кызматынын башчысынын орун басары Автандил Конгантиевди сабаганга шектелип, издөө жарыяланган. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев анын качып жүргөндүгүнө байланыштуу "Таза болсо, күнөөм жок, айта турган сөзүм бар десе, анда укук коргоо органдарына келсин, качпастан арыз-муңун ачык айтсын" деп билдирген.

Канатбек Азиздин Эмил Кимсановдун "билдирүүсү" боюнча комментарийи
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан