Бишкекте айрым сулуулук салондору санитардык нормаларды сактабай жатканы аныкталды

Бишкектин Биринчи Май районуна караштуу 15 сулуулук салону текшерилди. Тилекке каршы басымдуу бөлүгү санитардык нормаларды, коопсуздук чараларын сактабай жатканы аныкталды. Мындай маалыматты шаардык мэриядан билдиришти.

"Экономикалык абалды жеңилдетүү максатында иштөөгө уруксат берилген тармактардын арасына чач тарач, сулуулук салондору кирген. 1-майда борбордогу салондордун ишмердүүлүгүн жандантканына байланыштуу Биринчи Май районунун башчысы Алибек Биримкуловдун тапшырмасы менен акимиаттын кызматкерлери РИИБ жана санитардык-эпидемиология көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүүгө чыгышкан. Сулуулук салондоруна коюлган негизги талап - санитайзерлердин болушу, тазалыкты сактоо, кардарларды кабыл алууда коопсуздук чараларын аткаруу болду. Санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербеген салондордун ээлери менен кемчиликтерди жоюу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
marat_1910
2020-05-03 23:42:11
9 мирк да текшерип койглачы суранчы талаптарга такыр жооп беришпейт
-1
munar1980
2020-05-04 06:12:37
Сулуулук салонго не бар азырынча иштебей турса да болсо керек эле?
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан