Экс-депутат Алмамбет Шыкмаматовдун жубайы Жанара Турдакунова бүгүн, 6-июлда пневмониядан көз жумду. Ал акыркы күндөрү Улуттук госпиталдын кайра жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан. Бул тууралуу саясатчынын жакын санаалаштары билдиришти.
Пневмониядан дарыланып жаткан КТРКнын мурдагы директору Илим Карыпбеков социалдык тармактагы баракчасы аркылуу "Кандайдыр бир тукум курут өкүм сүрүүдө. Көптөгөн жакындарыбыз кайтыш болуп жатат, көптөгөн тааныштар үйдө же жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Азыр эле Алмамбет Насыркановичтин жубайы каза болду. Төрт баласы калды", - деп жазды.
SUPER.KG порталы Жанара Турдакунованын көзү өтүп кеткендигине байланыштуу жакындарына жана үй-бүлөсүнө көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.