Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжалов обсервацияга алынган. Маалыматты SUPER.KG порталына башкы дарыгердин кесиптеши тастыктады. Айтымында, Абжалов коронавирус жуктуруп алгандар менен байланышта болгон деп обсервацияга алынган.
"Анын ПЦР анализине тапшырган тести таза жыйынтык көрсөткөн, бирок жалпы жыйынтык күтүлүп жатат" деген ал.
Белгилей кетсек, 8-апрелде Оштогу балдардын инфекциялык ооруканасындагы дарыгерлер байланышка чыгып, бийликке кат жолдошкон. Анда алар "Бизге жалаа жабышпасын, ажы тойго эч ким барган эмес. Ажы тойго шылташпасын, бул жерде ич ара вирус жугуу болгон", - деп бийлик өкүлдөрүнө билдирүү жазышкан.
Ал эми 9-апрелде жалаага кабылдым деген дарыгердин жеке каты жарыяланган. Анда дарыгер абалы оор экенин айтып, каттагы маалымат коомчулукка жетүүсүн өтүнгөн. Көп өтпөй SUPER.KG порталы вирус жуктуруп, бейтапканада жаткан дарыгер менен байланышып, анын абалын билип, кээ бир маалыматтарды алган.
Жогорудагы үч маалыматта тең Ош шаардык балдар инфекциялык ооруканасынын башкы дарыгери Кайрат Абжаловдун аты аталып, аны окуяга кайдыгер карап, маалыматты туура эмес жеткирген деп дарыгерлер айыпташкан.
10-апрелде Абжалов ага коюлган айыптар негизсиз экенин, бирок актанууга да акысы жок экенин айткан.
Бул маселеге байланыштуу Бишкек шаарынан чоң комиссия келе жатканын жана айтылгандардын баары эпидемиологдор тарабынан анализденип, жыйынтык чыгарыла турганын билдирген.