Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир кызматкеринен коронавирус аныкталганы айтылды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин бир кызматкеринен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган кызматкер ыкчам штабдын ишин аткарууга тартылган.

"Азыркы учурда кантип жуктуруп алганы боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат. Ал дарыланууда, биз ал кимдер менен байланышта болгонун аныктап жатабыз", - дейт министрдин орун басары.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
madina.87
2020-04-13 12:22:39
Туура эле ак үйгө киргизип жибергилечи ошону
-1
Chungyz
2020-04-13 12:32:57
Баарынар штабынар менен кошо жаткыла
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан