Ким азамат? Вьетнам - азамат! Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму аталган өлкөнү коронавируска каршы күрөшүн мактады

Вьетнам коронавируска каршы күрөшүүдө Европа жана АКШнын каталарын кайталаган жок. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган өлкө чечкиндүү кадамдар жана биримдикте болуу менен ийгиликке жеткен.

Вьетнамда 13-апрелге карата 262 адамда коронавирус аныкталган. Өлкөдө илдеттен көз жумгандар жок. Кытай менен чектеш болгонуна карабастан, вирус өлкө ичине кеңири жайылган эмес. Уюмдун Вьетнамдагы өкүлү Кидун Парк эрте көрүлгөн чаралар көп адамдардын өмүрүн сактап калганын айткан.

"Вьетнам эпидемияга эрте жана чечкиндүү реакция жасады. Январь айында эле андан сактануу жана жайылып кетүүсүн алдын алуу боюнча изилдөөлөр жүргөн", - деп билдирген Парк.

Эпидемия башталганда өлкөдө Улуттук комитет уюштурулган. Мектептер январь айынан тартып эле жабыла баштаган. Ал эми 16-марттан баштап карантин киргизилген. 25-марттан тартып аба каттамдар токтотулган. Ал эми 1-апрелден баштап өлкөгө кирүүгө жана чыгууга тыюу салынган.

Ал эми жергиликтүү жашоочулар мындай ынтымакты, мыйзамдарга баш ийип, тартипти бек сактоону согуш мезгилинен бери көрө электерин айтышкан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (31)
Samatalibei
2020-04-14 00:23:48
Бизде эл тынчсызданып жатты, Чек араны жапкыла көзөмөлдү күчөткүлө деп. Бийлик шалаакылыгын көрсөтүп күнөөнү умрага баргандарга оодара салды. Азыр ким күнөөлүү умрага баргандар күнөлүү болуп калды! Министирлик тийиштүү чараны убагында көргөндө, ким азамат Кыргызстан азамат болмок.
+37
Ozon
2020-04-14 01:18:53
Samatalibei, бийликтин шалаакылыгын моюнга алуу керек албетте. Сокенин бийлиги жарытып жаткан жери жок. Вирустун коптогон мед.персоналга жугушу да бийликтин шалаакылыгы. Уюштуруу иштерин туура жасабагандыгы...

Бирок умрага баргандарда да чон куноо бар. Дуйнодо вирус жайылып жатканынан кабардар боло туруп умрага барып вирус жуктуруп келишти. Элге жугузушту. Бул акмактык!!!
+22
Aimani
2020-04-14 02:29:53
Samatalibei,Умрага баргандар апкелгени кашкайган чындык болуп жатпайбы. Кытайдан келгендерден чыкса аларды тепкилеп, шыбап жатып калмакпыз да
+13
Kuba-savai87
2020-04-14 09:45:01
Samatalibei,ооба десен биз деле кытай менен чек аралашбыз
+3
KG.Kushtarbek
2020-04-14 02:44:53
Мен ушу оору пайда болгондо жазгам комментарии ушу сайтка токтокула чегараны деп анда февралде мени укпадыларда айайай
-4
rola
2020-04-14 10:55:15
KG.Kushtarbek,Сени угуп койгондо жакшы болмок экен да а бийлик?
+1
algakaray
2020-04-14 03:29:10
Вьетнамга окшоп бизделе эрте жапсак болмок экен бут баарын авиакаттамдарды кирди чыктыны токтотсок болмок экен февральдын башында эле. Бир,эки эле жума кечиктин эмне болду? дуйно жузундогу мамлекеттерден корбодукбу. Айла жок кичине кечиктик. Эми деле дагы чыдап чыкпай туралы басылганча.
+8
Agayu
2020-04-14 04:06:11
Кылса болот эле , Турция Россиянын вертолеттун атып тушуруп койгондо сраз жаптыго Тур агентсволорун , Туркиядан келген товарларды .Бул жэрде бир оюн бар , болгондо да серьёзный
-4
ZUXRIDDIN20
2020-04-14 07:31:40
Эмне үчүн Чыгыш мамлекеттерин де вирус аз.(Тайван, Таиланд, Корея) Жана Европа мамлекеттери кыйрап калды. Бул жерде бир кыңгыр иш бар
-1
munar1980
2020-04-14 08:51:21
Умрага баргандарга кунөө жабып, Кудайдын алдында кунөөлү болбогула, алар да ушундай болоорун билгенде барбайт эле.
Бул жерде мин здрав минстри куноолү. раз Умрага барып келгенден кийин Кыргыздарда билишет баары, келеер менен Ажы той кылышат, ошону обсервацияга албаса да 14 кунгө чейин той өткөзбөй тургула деп катуу талап койуш керек эле.
0
Ozon
2020-04-14 09:05:57
munar1980, бул вирус тууралуу элдин баары эле январда кабар тапкан. Керек болсо чек араларды жапкыла деген талаптар да айтылган. Андан ары бул вирус дуйнонун торт бурчуна тарап улам жаны мамлекеттен табылып жатканы да айтылып жаткан. Ошондой шартта умрага, саякатка, дааватка акылы кем адамдар жонойт. Оз омурун, жакындарынын, дегеле бутундой улуттун омурун тобокелге салып...

Вирус дуйного жайылып жатса кантип билбей калышсын? Жомок айтпагылачы!!!
-1
Ozon
2020-04-14 09:10:18
munar1980, Умрага баргандар менен дааватчылар бутундой элдин ырыскысына ХХХХХ отурат. Миндеген жарандарыбыз жумушсуз калды. Продуктусу тугонуп продукты сатып алганы акчасы калбай отургандар бар кыйналып. Квартиоалап жашап квартплатасын бере албай жаман корунуп жургондор бар. Эл кыйналды. Элди ушул наадандар ушул койгойго салды. Мусулман деген биринчиден башын иштеткен бири болуш керек, экинчиден элине, башкаларга зыян жеткируудон качышы керек.
+3
Ozon
2020-04-14 09:14:25
Бугунку кундогу муфтиятты жоюп же туп тамыры менен алмаштырыш керек. Коншу олколордо жума намаздарга тыю салынып, Кыргызстанда да жума намаздарына тыю салынсын десе, башкалардан жукпайт да, жума намаздарга келгендерден вирус жугат бекен деп чон суйлошкон. Умрага барып вирус ташып келгендер ажы той откорушуп жуздогон адамдарга жугузушту. Андан кийин мечитке намазга барып дагы жуздогон адамдарга вирус жугузушту. Муфтият жооп бериши керек мыйзам алдында!!!
+1
Kitep
2020-04-14 18:31:22
Ozon,муфтият мечиттерди мектеп окуу жайлар менен биргеликте жапкан.
+2
Ozon
2020-04-14 09:18:49
Муфтият ажы сапарынан акча жыйнап бизнес кылганды эле билеби? Эмнеге умрага баоып жаткандарды муфтият жонго салбайт? Эмнеге дааватка кетип жаткандарды муфтият козомолдобойт?! Бизге эмне кереги бар иштебеген муфтияттын, аалымдар кенешинин?!

Дааватчылар да уйдон чыкпай жат десе конбой канчаларына жугузушту. Умрачыларды, дааватчыларды мыйзам алдында жоопко тартып камаш керек. Муфтийди баш, Абдышукурду тош кылып.
0
Ozon
2020-04-14 09:22:35
Абдышукур "вирус Алланын жоокерлери. Бул каапырларга каршы жонотулгон жоокерлер" деп ХХХХХ жатпады беле? Бугун бул вирус эч кимди ылгабаганын коруп отурабыз, христианы деле, мусулман, буддисти, атеисти деле ооруп жатат. Миллиардерлер ооруп олуп жатат. Иран, Турция, Пакистан, Египет ж.б. толтура мусулман мамлекеттеринде вирус жайылып олгондор толтура.

Бугун Абдышукур элден кечирим сурайын деген ою да жок, ХХХХ.
-2
ZUXRIDDIN20
2020-04-14 09:34:38
Ozon,бул балээ жалпы жер жүзүнө келген. Капыр, мушриктерга жаза момун мусулмандарга эскертүү, жана сыноо катары. Урматту Кыргызстантар акыркы убакыттарда интернет тармактарында дин, акыйда, шарият боюнча аябай пикир келишпестиктер болуп жатат. Бул дегени ар турду агымдар Кг ны каптап адамдарды динден ыйманыдан айрылып жатат Дегени эмеспи. Көзүңөрдү ачкыла туугандар Эң туура дин Ислам дини. Бизди Аллах Жараткан.
Аллах бизге эмне жакшы эмне жамандыгы бизден көрө жакшырак билет. Аллахка шерик к
+6
Ozon
2020-04-14 09:41:32
ZUXRIDDIN20, Кыргызстанга ар турдуу диний агымдарды озунор алып келип жатасынар. Мисалы бир атеист же катардагы эле момун мусулман ал диний агымдарды Кыргызстанга алып келип жаткан жери жок. Кыргыздар ашынган динчил болбой эле оз жолу менен жашап келишкен. Дин менен салтты айкалыштырып. Азыр копчулук жаштар радикалдашып бара жатат. Салтты жээрип, мыйзамды жээрип. Мисалы бизге даават айтып арабдар келбейт. А эмнеге биздикилер даават деп Пакистан, Индия, Бангладеш ж.б.кетип жатышат?
-3
Ozon
2020-04-14 09:45:10
ZUXRIDDIN20, же биздин кыргыздар арабдарга салыштырмалуу динди жакшы билеби? Динди жакшы билген муфтийибиз, Чубак, Абдышукур баш болгон аалымдар кенеши вирустун олкодо жайылышына комок корсотуп жатышса, ошолбу эл ишенген кожо-молдолордун элге кылган жакшылыгы? Азыр мына шартка байланыштуу мечиттер жабылып эл намаздарын уйдо эле окуп жатат го? Мечиттерди марттын башында эле жапсак болот эле го, туштон кийин жаппастан?
0
abusait
2020-04-14 09:49:48
Эмне учун врачтарга катуу эскертуу берилген жок?. Озбекстанда биринчи врачтар чыкканда эле тып токтотушту. А бизде 70-80 ден ашып кетти.
+2
ZUXRIDDIN20
2020-04-14 10:02:13
abusait,Өзбекстан тып токтоткон жок. Азыр 998 болду Вирус. 12 де дагы орточо 40 кошулат. Бир күндө 150 дөй кошулуп жатат алжакта. Айланып келип эң аз вирус Кыргызстанда эле. Өзбекстанда 70 тен ашуун врачтар вирус жуктурган
0
Stels
2020-04-14 10:31:53
ZUXRIDDIN20,Вирус жуктургандарды калкынын санына болгондо, Кыргызстан кошуналардан алдыда .Озбекистанда почти 33 млн,Казахстанда 18.5 млн адам жашайт.5 эсе ,3 эсе коп .
+2
Stels
2020-04-14 10:34:12
ZUXRIDDIN20,Кыргызстандагы 430 ду ,3 эсеге же 4 ке кобойт алардан ашып отобуз.
+1
Ozon
2020-04-14 12:02:55
ZUXRIDDIN20, Озбекистандын калкы бизден 5,5 эсе, Казахстандын калкы 3 эсе коп. Эгр бугун бизде вирус жуккандар 430 болсо, Озбекистанда 2300-2400 болсо, корсоткучтор бирдей болот эле. Озбекистанда корсоткуч бул цифранын жарымына да жетпейт.
-1
munduz2016
2020-04-14 10:37:52
Бир иш бар бул ковид-19да.
0
nnn.sss
2020-04-14 12:01:58
Биздики деле эрте эле жапты, чет олкодон барабыз алыпкеткиле деп ойлонбой эс алганы кетип калгандар, жумушум жоготуп олгону калдым дегендерди алыпкелип да санын кобойтуп алды. Туркменистанга окшоп границаны жаптык, чет олкодогулор келебиз деп убара болбогула деп койсо болмок
-2
Ozon
2020-04-14 12:08:19
nnn.sss, кайдан! Биздикилер после пожара жапты чек араларды. Биринчи болуп Казахстан жапты чек араларын. Анан Россия жаба турган болду чек араларын. Качан гана Кыргызстанда вирус катталып, башка коншулар чек араларын жаап баштаганда Кыргызстан чек араларын жаап баштады. Чек араларды эрте жаап, авиакаттамдарды токтотуп баарын 14 кунго овсервацияга алса вирус мынча жайылбайт эле
0
nnn.sss
2020-04-14 13:18:20
Ozon,кыргызстанда каттала электе жабылган чек ара
-1
nnn.sss
2020-04-14 12:03:08
Еще арабтардын калпычылыгы да зыянын тийгизди, вирусту жашырышып, а биздикилер кайдан билсин алар жок деп атса
-4
Kitep
2020-04-14 19:02:51
Ал эле Бул эле дейбиз,бул кундор да отот!Куноону ар жактан издей бербей,сабыр кылалы туугандар.
Негизгиси,согуш чыкпасын!Согуштун кесепети бул вирустан 1000эсе жаман.
Бул вирус учунчу дуйнолук согуштун башталып кетишине кандайдыр бир деңгээлде тоскоолдук кылды болуш керек.
+2
Bolunbo.kyrgyz
2020-04-14 21:47:52
Диван баатырлар озунорду тозокт суйроштон башка не пайда табасынар. Дуйного туркук болуп калчуудай сайрайсынарго мусульман капырбы кимин болсонор да ар ким озуно жооп берет колунар менен жазганды башынар мн жооп бере турган кун да келет. Бироонун жугундусун ичип алып дооругонду койгула эркекче.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан