Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши токтотулду

Бишкектеги күндүзгү жана түнкү стационарлардын иши токтотулду. Бул тууралуу республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, ыкчам медициналык-консультациялык жана биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 1 173 орунга ылайыкташкан 16 (13 күндүзгү жана 3 түнкү) станционар ачылган. Мында ишке тартылган медиктер жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган.

Жалпысынан стационарларга медициналык жардам алуу үчүн 103 миң 644 адам кайрылды (алардын ичинен: күндүзгүгө – 94 миң 441 адам, түнкүгө – 9 миң 203 адам) 72 миң 376 адамга тамчылатма дары коюлду, 30 миң 741 адам кеп-кеңеш алды, 513 адам ооруканага жаткырылды.

"Пандемиянын мүмкүн болгон толкунуна даярдык көрүү үчүн жана Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы менен пневмонияга чалдыккандар кескин көбөйгөн учурга даяр болуу үчүн убактылуу жабылган стационарларды, ошондой эле Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базаларында жаңы стационарларды ачууга даярбыз", - дейт Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева.

Стационарларда калкка 89 дарыгер, 128 медайым, 42 санитар жана 35 ыктыярчы медициналык жардам берди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан