Тоӊ районунда обсервацияда жаткан 16 жарандын анализдери таза чыгып, үй карантинге чыгарылды

Тоӊ районунун милициясы коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар комплекстүү иш-чараларды ишке ашырууда. Учурда райондун аймагында коронавирус оорусун жугузуп алгандар жок.

Өзгөчө кырдаал жарыялангандан баштап райондун обсервациясына 16 адам жаткарылып, бүгүнкү күндө алардын анализдери таза болуп чыккандыктан, бардыгы үй карантинине жиберилген. Илдеттин жайылышына жол бербөө максатында аймакта 2 санитардык-карантиндик жана 15 фильтрациялык посттор уюштурулган. Аталган посттордо өз маалы менен күнү-түнү 34 райондук милиция кызматкери, 6 жол коопсуздугунун инспектору жана 60тан ашуун элдик кошуундардын мүчөлөрү, медицина кызматынын, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү менен бирдикте иш алып барышууда.

Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана мугалимдер менен бирдикте ата-энелерге дистанциялык окутуу учурунда балдарына өзгөчө көӊүл буруу керектигин да эскертишүүдө.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Su.Zeyd_89
2020-04-14 14:33:16
Биздин Тоң району тартипти бекем карманып жатабыз. Женилинен берсин жараткан. Ар бир айылга пост койулган.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан