Илдетти жуктуруп алгандардын эң көбү Бишкекте, эң азы Таласта. Коронавирус катталгандан бери көрсөткүч кандай тездикте өзгөрүп жатат?

Кыргыз өлкөсүндө COVID-19 алгачкы жолу 18-мартта 3 бейтаптан катталган, андан бери 6-июлга карата ооругандардын саны 7 691 кишиге чейин көбөйдү.

Ооругандардын эӊ көп саны катталган күндөр:
2-июлда – 526 адам;
3-июлда
– 506 адам.

Коронавирус жуктуруп алгандар эӊ көп Бишкек шаарында – 3 305 (анын ичинде Орусиядан келген аскерлердин арасынан – 100), ал эми эӊ азы Талас облусунда – 81 киши катталган.

30-мартта Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынан алгачкы 3 айыккан бейтап чыгарылган. Бүгүнкү күндө адистештирилген медициналык мекемелерден 2843 адам айыгып, үйүнө чыгарылды.

2-апрелде коронавирустан алгачкы өлүм катталган, учурда – 92.

Жогорудагы маалыматты республикалык штабдан таратышты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KalenAlmaz
2020-07-06 23:48:44
Экс спикер Чыныбай Турсунбеков двустронней пневмонии умер деп журот го ФБ да.
0
tursunbaev2016
2020-07-07 02:08:31
Кытайдын маскаларынан абайлагыла
0
asad9
2020-07-07 05:01:49
Эч кандай кытайдын маскасы саскасы жок эле. Бийлик дезинфекция кылганды токтотсун. Дезинфекциялагандан кийин менин туугандарым айылдаштарым баары азыр ооруп жатышат
0
Zimzimemir
2020-07-07 07:33:17
Бул окмоот жарытарлуу,бир нерсе кылбаптвргоо чиркин жееп жеп чээнге кирген аюуу дай дымып жок кана даярдыгынар,жаздан бери даярбыз деп кокурок кагасынар,бечара врачтарга эле кыйынчылык тушту
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан