Чыгыштан батышка, эми батыштан чыгышка. Коронавирус инфекциясынын толкуну Европадан Азияга өтүүдө

Коронавирус инфекциясы батыштан чыгышты көздөй жылып келүүдө. Бул тууралуу "Кызыл Крест" жана "Кызыл Жарым Ай" коомдорунун Эл аралык федерациясынын саламаттыкты сактоо департаментинин башчысы Даврон Мухамадиев чет элдик басылмаларга билдирген.

"Чындыгында, азыр көптөгөн мамлекеттер чектөө чараларын алып ташташууда. Бирок бул пандемия токтоп калгандыгы жөнүндө белги болбошу керек. Азыркы кырдаал тынчсызданууну жаратууда. Учурдагы европалык эсептөөлөр боюнча, инфекция жана анын жайылышы батыштан чыгышка өтүүдө. Ошол эле учурда эки ай мурун коронавирус инфекциясынын таралышы негизинен Европанын батыш бөлүгүндө болгон. Азыр болсо инфекция Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азияга жайылууда", - деген Мухамадиев.

Коронавирус инфекциясы Борбордук Азияда жалпы 25 миң 691 адамдан аныкталды. 161 адам каза болсо, 13 миң 872 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Siren90
2020-06-12 20:24:58
Кудай сактасын
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан