Бир сутка ичинде Бишкек шаарында 209 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөлдөө боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында ооруканага жаткырылгандардын саны 48, үй шартында дарыланып жаткандар 161.
Бишкек шаарындагы илдет аныкталгандар райондор боюнча бөлүнүшү:
Ленин району - 53;
Свердлов району - 43;
Биринчи Май району - 30;
Октябрь району - 61 адамдан илдет аныкталган.
"Бишкек шаарынын мэриясы коронавирус инфекциясынын алдын алуу иш-чараларын так, өз убагында аткарууңуздарды суранат", - деп билдирди Рыскулбекова.