Казакстанда өзгөчө абал режими 1-майга чейин узартылды. Жарлыкка кечээ, 14-апрель күнү өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кол койду.
Жарлыкка ылайык, 15-марттан тартып Казакстандын бардык аймагына киргизилген өзгөчө абал 1-майга чейин узартылгандыгы жазылат.
Белгилей кетсек, 15-апрелге карата 1261 адам коронавирус жуктуруп, анын 203ү оорудан айыкса, 14 бейтап көз жумду.