Дональд Трамп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону убактылуу токтотту

АКШнын президенти Дональд Трамп Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылоону убактылуу токтотту. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Буга себеп катары президент Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирус пандемиясына байланыштуу алгылыктуу иш алып бара албаганы болгонун айткан.

"Чынында дүйнөлүк уюм маалыматты убагында алып, аны тактап, жайылтыш керек эле. Андай иш жасалган эмес. Мындан тышкары уюм ачык-айкын маалымат саясатын жүргүзгөн жок. Бул уюм мамлекеттер менен тыгыз иштешип, кайсы бир жерде эл аралык деңгээлдеги саламаттыкка зыян тийгизүүчү коркунучтар болсо, өз убагында маалымдалып турушун камсыз кылышы керек эле. Эгерде коркунучтар тууралуу тиешелүү мамлекеттер тарабынан маалымдалбаса, анда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму кооптонуулар бар экенин өздөрү билдириши керек болчу. Алар негизги милдетин аткара алган жок, демек жоопкерчиликке тартууга негиз бар", - деген Дональд Трамп маалымат жыйын учурунда.

Мындан тышкары ал Бириккен улуттар уюму кытайлар тараптан келген туура эмес маалыматтарды таратуу менен эпидемиянын масштабдуу кесепеттерине алып келгендигин белгилеп өткөн.

Ал эми БУУнун генералдык директору Антониу Гутерриш мындай кырдаалда дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун же башка гуманитардык жардам көрсөтүүчү уюмдардын каржылык ресурстарын кыскартуу мезгили эместигин айткан. "Азыр биримдиктин, жана биргелишип иш жүргүзүүнүн мезгили", - деген ал.

Маалым болгондой, АКШ Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун каржылап турган ири булак болуп саналат. АКШнын уюмга болгон былтыркы төлөмдөрү 400 миллион долларды түзгөн.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2020-04-15 15:46:01
Трамп азамат иштебегендерди башка жеринен кыс
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан