Коңшу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирус пандемиясынын курмандыктарынын элесине карата Кыргыз өлкөсүндөгү 2020-жылдын 30-июлу Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланганына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековго жана өлкө элине көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
"Казакстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан коронавирус пандемиясынын курмандыктары болгон бир тууган Кыргыз жарандарынын элесине арналган Улуттук аза күтүү күнүндө чын ниеттен кайрат айтам. Бул катаал күндөрдө дүйнөдөн мезгилсиз кайткандардын туугандарынын жана жакындарынын орду толгус кайгысын тең бөлүшүп, аларга терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ал эми бул жаман дарт менен күрөшүп жаткандардын бардыгынын тезирээк сакайып кетишин тилейм", - деп айтылат Казакстан президентинин көңүл айтуу телеграммасында.
Касым-Жомарт Токаев чечкиндүү көрүлгөн чаралар, кыргыз элинин ынтымагы жана биримдиги өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эң жакынкы мезгилде турукташтыра тургандыгына ишенерин билдирди. Ошондой эле Казакстан боордош кыргыз элине мурдагыдай эле колунан келген жардамын көрсөтүүгө даяр экендигин жана коронавирус инфекциясына каршы биргеликте күрөшүүгө бардык аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.