Ош облусунда өзгөчө абал кирген аймактарда коменданттык сааттын мөөнөтү 2 саатка кыскарды

Ош облусундагы өзгөчө абал режими кирген аймактарда коменданттык сааттын мөөнөтү 2 саатка кыскарды. Бул тууралуу Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондору боюнча комендатуранын маалымат кызматынан билдиришти.

"Эртең, 16-апрелден тартып коменданттык саат 21:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин уланат. Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол койгон. Анын себеби күндүн узарышы жана жазгы талаа иштеринин башталышына байланыштуу", - деп билдиришет маалымат кызматынан.

Кечээ, 14-апрелде өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылган. Коменданттык саат 25-мартта Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары, Сузак, Ноокат жана Кара-Суу райондоруна киргизилген. Бүгүндөн тарта Нарын шаары жана Ат-Башы районунда да өзгөчө абал режими кирди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан