Президент өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу оңой чечим болбогонун айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу оңой чечим болбогонун айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Жарандарыбыздын турмушунда бир топ чектөөлөр, ыңгайсыздыктар, ал гана эмес айрым мекендештерибиздин жашоо тиричилигинде кыйынчылыктар жаралды. Айрыкча, күнүмдүк кирешесин күндө таап, күндөлүк жумуш менен тиричилигин өткөргөндөр кыйналып жатканынан толук кабарым бар. Ошондой эле карантин өлкөнүн экономикасына да олуттуу залал тийгизип жатат. Таразанын бир жагына жарандырыбыздын ден соолугу жана өмүрү, экинчи жагына экономика жана киреше маселеси коюлду. Мына ушундай катаал сыноону баштан кечирип жатабыз. Мамлекет башчысы катары мен үчүн жалпы коомдун, ар бир мекендешимдин ден соолугу кымбат. Ошондуктан ушул чечимге бардым", - деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан