Акыркы суткада 11 адам коронавирус инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 12-июлда саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Бишкек шаары – 6;
Чүй облусу – 2;
Ош облусу – 1;
Талас облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 1.
Муну менен коронавирус илдети жалпы 2 миң 113 жарандын өмүрүн алып тынды.