Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков ээлеген кызматынан бошотулду. Маалыматты SUPER.KG порталына өкмөттүн басма сөз кызматынан тастыкташты.
Буга чейин Исаков ден соолугуна байланыштуу бейтапканада жатканын билдирген.
Исаков Оорулардын алдын алуу жана мамсанэпидкөзөмөл департаментинин директору кызматын ээлеп келген, ал саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп январдын аягында дайындалган.