"Айдоочулардын көпчүлүгү мас абалында кармалып жатат". Ошто спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Ош облусундагы коменданттык саат киргизилген аймактарда алкоголдук ичимдиктерди сатууга тыюу салынды.

Бул тууралуу облустун комендатурасынын маалымат кызматынан билдиришти. Тиешелүү буйрукка комендант Малик Нурдинов кол коюп, ал күчүнө кирди.

"Өзгөчө абал киргизилген Ош шаары, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда коменданттык сааттын талаптарын бузган жарандар, унаа башкарган жана жол кырсыктарына кабылган айдоочулар көпчүлүк учурда мас абалда болуп жаткандыктан, спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынат.

Буйруктун аткарылышын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын Ош шаары, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы түзүмдөрү, ИИМдин түзүмдөрү көзөмөлдөйт жана камсыздайт", - деп айтылат маалыматта.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Baktyluu_bolgum_kelet
2020-04-15 12:29:38
Вообще тыюу салгылачы (каргыш тийгирди!
+4
nurali1989
2020-04-15 20:24:26
Вобще Кыргызстан боюнча тыю салбайсынарбы.Айылда арактын айынан уруш талаш кобойуп баштады. Окмот козомолго алышпайбы, же ичимдиктер да продуктуга киреби.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан