Чүй облусунда акыркы суткада 34 адам коронавирус жуктуруп алды. Анын ичинен 25и пневмонияга кабылган

Бүгүн, 14-январда Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Мияров коронавирус боюнча облустагы абал жөнүндө өкмөт үйүндө маалымат берди.

"Акыркы сутка ичинде 24 адам ооруканага келип түшкөн. Ооруканаларда 355 бош орун бар. Акыркы сутка ичинде 34 жаңы учур катталган. Анын ичинен 9 бейтап коронавирус жана 25 адам пневмония менен жабыркап жатканы аныкталган. Акыркы сутка ичинде каза болгондор катталган жок. Өлкөдө эпидемия башталгандан бери Чүй облусунда 11 миң 913 адам ооруну жуктуруп алган. Анын ичинде 178 мектеп окуучусу жана 123 мугалим бар", - дейт Мияров.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан