Тазабек Икрамов посттордо депутаттардан "пропуск" сурап жаткан учурлар болуп жатканын айтты

Жогорку Кеңештин депутаттары жана дипломаттар өзгөчө абал киргизилген аймактарда 24 саат жүргөнгө укугу бар. Бул тууралуу бүгүн, 15-апрелде парламенттин жыйынында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Депутат Тазабек Икрамов посттордо депутаттардан өткөрмө уруксат кагазын сурап жаткан учурлар болуп жатканын айтты. "Биз элдер менен жолугушуп жатабыз. Күбөлүктү көрсөткөндө өткөрмө уруксат кагазын же дагы документ сураган учурлар болуп жатат. Бул боюнча постто тургандарга айтып коюшуңуздар керек", - деди Икрамов.

Орозалиев ушундай учурлар болсо комендатурага кайрылууну сунуштады. Ал бул боюнча чара көрүлө турганын айтты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Arlenchik
2020-04-15 12:42:33
Элдер карантинде болсо чонунарга жолугушасынарбы,уйдон чыкпагыла деп атса бул кайсы Эл мн жолугушканын айтып жатат, ушул ХХХХ баардык жерде зеленный жургусу келет,айылдарга барганда Эл билбей калбаш учун кж номер мн жургусу келет,Эми блок посттордон бул келетканда шарт ачылып токтоосуз откусу келет, кыскасы учурдагы мамлекеттик кызматта башчынар баш болуп ХХХХ отурасынар.
+15
admin_portal
2020-04-15 12:48:16
Arlenchik, этика нормаларын сактаңыз. Эскертүү!
-18
Samatalibei
2020-04-15 17:17:41
Arlenchik, туура айтасынар. Негизи депутаттар силерде элита деген пропуск болуш керек да ошондо блок постордон айдаган бойунча өтүп кетесиңер. Машинаны дедим (тамаша
+1
Belek1710
2020-04-15 12:47:53
120 пропуск берип коюнузчу урматтуу коммендат. Карантин учурунда эл менен жолугушуп алсын, шайлоо да жакындап жатат.
+6
Baihan07
2020-04-15 12:57:35
ХХХХ сени эмес мени да текшерип жатышат, пропуск барбы көргөзүп кой эл катары урматтуу депутат.
+11
taalay25
2020-04-15 13:00:40
Ой элдин баары карантинде жатса саунага баргын келеби?)
+9
bond02
2020-04-15 13:50:35
Эр эр эрлер менен жолугушуп жатсак де.
0
anash
2020-04-15 13:57:18
Карантинди узартынар мамлекетен элге жардам жокбу башка мамлекеттер ар бир жаранына акча болуп берип жатат бизге андай жардам болбойбу?озунорду ойлогондон башка колунардан эч нерсе келбейт
+1
al-abu-kinesz
2020-04-15 15:11:42
Тазабекке окшогондордон тазаланмайынча олко онукпойт
+6
algakaray
2020-04-16 02:38:48
Муну мн минтип айтайын деген да: Мен Тазабек Икрамовмун да же эмне мени тааныбайсынарбы деп. Ойунда ойлосо кк депутат болсо эле зеленый свет деп. Коронавирусун антип болбойт сен депутат, сен кароолчу экенсин деп. Бу жерде карантиндин тартиби бут текшерилиш кк да. Сен концертке кирип бара жаткан жоксун да мейли эми депутат экенсиз киребериниз деп койгудай.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан