Кечээ, 14-апрелде өлкө башчы өлкөдөгү өзгөчө абал режимин 30-апрелге чейин узартуу жарлыгына кол койгон. Мындан улам буга чейин алынган өткөрмө уруксат кагаздарынын мөөнөтү дагы узартылат. Маалыматты республикалык штабдан билдиришти.
"Бишкек шаарынын комендатурасы билдиргендей, өзгөчө абалдын мөөнөтү узартылганына байланыштуу буга чейин берилген өткөрмө кагаздардын мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат. Өткөрмө кагаз алууга муктаж болгон жарандар 1312.tunduk.kg порталынан онлайн билдирме тапшырса болот", - деп айтылат маалыматта.