Өкмөт башчы: "Акыркы аптанын ичинде коронавирус илдетинин басаңдаганы байкалууда. Аймактарда абал оор бойдон турат"

Акыркы аптанын ичинде оорунун басаңдаганы байкалууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

"Баары оңолду деп айтканга эрте. Аймактардагы эпидемиологиялык абал кооптуу бойдон калууда. Жалал-Абад облусу, Ош шаары, Ысык-Көл облусунда дагы деле абал оор бойдон турат. Ысык-Көлдө жайкы эс алуу мезгилинин келиши менен эс алуучулар көбөйдү. Ички эс алуучулардын саны да көбөйдү. Бул адамдар Ысык-Көлдө жүргөндө катталууда.

Аймактардагы эпидемиологиялык абалдын курчушун алдын алуу боюнча өкмөт катуу жумушту алып барып жатат. Стационарларды ачып, жабдыктар менен жабдуу жана башка иштер жүргүзүлүүдө",
- деди ал.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2020-07-28 15:59:09
Көлдү жапкыла да кырдаал оор бойдон калууда дебей
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан